# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-марты № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-марты № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16998/edition/864416/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-марты № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96201

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-марты № 143 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоону жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү Жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, 2012-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

"Аткаруу мөөнөтү" графасынын 2-пунктундагы "2013-ж., октябрь" деген сөздөр жана цифралар "2014-ж., март" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын; расмий тилдеги тексттеги "Ответственные исполнители" графасынын 2, 6 жана 11-пункттарындагы "МЭАП" деген аббревиатура "МЭ" деген аббревиатурага алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
