# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16996/edition/515915/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (17.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96199

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-марты № 138 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторуна мониторинг жүргүзүү керек болгон негизги финансылык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды сапаттуу жана өз убагында берүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24- октябрындагы № 666 «Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин" деген сөздөр жана цифра "отчеттук мезгилден кийин 30 күндөн кеч эмес" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндон тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
