Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 „Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-марты № 138 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторуна мониторинг жүргүзүү керек болгон негизги финансылык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды сапаттуу жана өз убагында берүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24- октябрындагы № 666 «Ата-мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин" деген сөздөр жана цифра "отчеттук мезгилден кийин 30 күндөн кеч эмес" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндон тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы №666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык очетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуПостановление · 24.10.2011 · № 666
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон