КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 10 декабря 2015 года № 851 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах Министерства экономики Кыргызской Республики" от 20 февраля 2012 года № 117"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-12-10.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-марты № 133 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин функцияларын тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункт "газ," деген сөздөн кийин "мунай," деген сөз менен толукталсын;
- 3-пункттагы "түздөн түз жана өзүнүн ведомстволук органдары жана/же" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Министрликтин максаты отун-энергетикалык комплексинде жана экономиканын өнөр жай секторунда бирдиктүү мамлекеттик саясаты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп эсептелет.";
- 8-пунктта:
2-пунктчанын төртүнчү абзацы жана 3-пунктчанын алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- тейлеген чөйрөлөрдөгү эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн болжолун иштеп чыгат";
- 9-пункттун жетинчи абзацындагы "ведомстволук органдар" деген сөздөр "ведомстволук бөлүнүштөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13-пунктта: экинчи, сегизинчи жана тогузунчу абзацтардагы "органдарынын" деген сөз "бөлүнүштөрүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- белгиленген ченемдердин чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет, ошондой эле Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн түзүмүн бекитет, анын өзгөрүшү Министрликтин милдеттерин жана функцияларын өзгөртүү менен гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;"; онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын; он сегизинчи абзацтагы "бөлүмдөрүнө" деген сөз "бөлүнүштөрүнө" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 19-пункттагы "органдарынын" деген сөз "бөлүнүштөрүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-глава менен толукталсын:
"7. Корутунду жоболор
20. Министрликтин борбордук аппаратын жана ведомстволук бөлүнүштөрүн күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
21. Министрликтин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
22. Министрликтин иши токтотулган учурда Министрликтин документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Министрликтин башкаруу схемасындагы "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция" позициясы алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин катышуусу менен отун-энергетикалык комплексинин ишин регламенттештирүүчү энергетика жаатындагы ченемдик-укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында 2014-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө энергия булактарына тарифтерди түзүүнүн методологиясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү долбоорлорун кошкондо, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча…Положение · 26.11.2009 · № 722
- "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жөнүндө" жобо (КР Ɵкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 116 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы №722 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент…Постановление · 26.11.2009 · № 722 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 116 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик…Постановление · 14.11.2014 · № 650 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851-токтомуПостановление · 10.12.2015 · № 851
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери…Постановление · 10.12.2015 · № 851 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик…Постановление · 14.11.2014 · № 650 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 116 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери…Постановление · 10.12.2015 · № 851 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15