# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16994/edition/512494/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (11.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96193

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-марты № 123 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын ишин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 90-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын уставы:

төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын: “91. Ишкананын төмөнкүдөй филиалдары бар:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Түндүктөгү филиалы, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 24;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Түштүктөгү филиалы, дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү, 318;

21-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “21. Директор Ишкананын жетекчиси болот. Директор Кызматтын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.”; 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “24. Ишканада директордун техникалык маселелер боюнча орун басарынын жана директордун жалпы маселелер боюнча орун басарынын кызмат орундары каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Кызматтын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Түндүктөгү жана Түштүктөгү филиалдарын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
