# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16993/edition/512470/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (11.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-марты № 124 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүүнү камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктунун экинчи абзацындагы “үч айлык мөөнөттө” деген сөздөр “2014-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө” деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:

2-пунктунда “чет өлкөлүк” деген сөздөр алып салынсын; 5-пунктунда “чет өлкөлүк” деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
