# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16992/edition/911576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтому (01.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96190

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-марты № 132 Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Соттук-эксперттик иш жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, жарактуулугун токтото туруунун, токтотуунун жана ажырытуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Сот эксперттеринин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби, 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти жүргүзүүчү министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
