Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 «Райондун мамлекеттик администрация башчысына–акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 8 сентября 2023 года № 456 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 13-марты № 125 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 «Райондун мамлекеттик администрация башчысына–акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 «Райондун мамлекеттик администрация башчысына–акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Райондун мамлекеттик администрация башчысына – акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жободо:
3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылбаса, анда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү райондун жергиликтүү кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу. Жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйыны тарабынан акимдин бош кызмат ордуна сунуш кылынган талапкер 10 жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан милдеттүү түрдө дайындалууга тийиш.»; 10-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «10. Райондун акиминин бош кызмат ордуна берилген документтер жана талапкерлер менен иштөө ушул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары тарабынан ишке ашырылат.»;
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«11. Райондун акиминин кызмат ордуна талапкер өзү жөнүндө туура документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Зарыл болгон учурда Өкмөттүн Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты берилген документтердин жана маалыматтардын тууралыгын текшерүү талабы менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу. Текшерүү органдары аталган талап келип түшкөн күндөн тартып эки күндөн кечиктирбестен текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.»;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«13. Ишкердик жана жеке мүнөздөмөлөрү иликтенгенден кийин райондун акиминин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн Аппаратында аңгемелешүүдөн өтөт.»; 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «14. Райондун акиминин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кароонун, аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынынын кароосуна райондун акиминин кызмат ордуна талапкерлерди (үчтөн кем эмес) сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 "Райондун мамлекеттик администрация башчысына - акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби…Постановление · 10.08.2011 · № 459 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 "Райондун мамлекеттик администрация башчысына - акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби…Постановление · 10.08.2011 · № 459 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон