# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 122 «2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун-EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 122 «2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун-EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16980/edition/510493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 122 «2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун-EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (11.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96175

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-марты № 122 «2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун-EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- «2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык Өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун-EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун-EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун- EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашуу ратификациялоо тууралуу

1-берене

2013-жылдын 19-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун- EDCF башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти) ортосундагы «Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо» долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Корея Экспорттук-Импорттук банкына билдирсин.

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
