# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16975/edition/800547/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96169

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-марты № 119 Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майы № 329 токтомунун редакциясына ылайык) «Коргоо чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ата мекендик ун тартуу тармагынын кызыкчылыктарын коргоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүгө атайын алым тиркемеге ылайык өлчөмдө киргизилсин.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 «Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө» токтомунун тиркемесине ылайык, товарларды импорттоодо убактылуу коргоо алымдарын алуунун натыйжасында алынган каражаттарды депозиттен республикалык бюджетке чегерсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Евразиялык экономикалык коомчулуктун Интеграциялык комитетине жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Аткаруу комитетине, ошондой эле ДСУнун Коргоо чаралары боюнча комитетине тиркемеге ылайык товарларга ылайык атаыйн алымдардын киргизилиши жөнүндө белгиленген тартипте кабарлашсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү атайын алымдар киргизилген товарлардын ТИЗМЕГИ

Продукциянын аталышы

ЕврАзЭКтин ТЭИ ТН боюнча коду

Убактылуу коргооочу алымдардын ставкасы (бажылык наркынан % менен же сом менен)

Буудай уну:

- катуу буудайдан

1101 00 110 0

1 кг үчүн 3 сом

- жумшак буудайдан жана спельтадан

1101 00 150 0

1 кг үчүн 3 сом
