КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 8 октября 2014 года № 588 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-10-08.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 588 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-марты № 117 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене. “Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 6, 154-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: “Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен граждандарга социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү төмөнкү мезгилге токтотулат:
- байкабастыктан кылмыш жасаган адамдардан жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөгөн адамдардан тышкары, эркиндигинен ажыратуу түрүндө сот тарабынан дайындалган жазыктык жазаны өтөгөндө;
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик менчик түрүндөгү интернат үйлөрүндө жашаганда.”.
2-берене. “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 7, 220-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын: “Акталган граждандарга социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү төмөнкү мезгилге токтотулат:
- байкабастыктан кылмыш жасаган адамдардан жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөгөн адамдардан тышкары, эркиндигинен ажыратуу түрүндө сот тарабынан дайындалган жазыктык жазаны өтөгөндө;
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик менчик түрүндөгү интернат үйлөрүндө жашаганда.”.
3-берене. “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 79-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: “Ардагерлерге социалдык кепилдиктерди берүү төмөнкү мезгилге токтотулат:
- байкабастыктан кылмыш жасаган адамдардан жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөгөн адамдардан тышкары, эркиндигинен ажыратуу түрүндө сот тарабынан дайындалган жазыктык жазаны өтөгөндө;
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик менчик түрүндөгү интернат үйлөрүндө жашаганда.”.
4-берене. “Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 665-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: “3. “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору” төш белгиси менен сыйланган адамдарга социалдык кепилдиктерди берүү төмөнкү мезгилге токтотулат:
- байкабастыктан кылмыш жасаган адамдардан жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөгөн адамдардан тышкары, эркиндигинен ажыратуу түрүндө сот тарабынан дайындалган жазыктык жазаны өтөгөндө;
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик менчик түрүндөгү интернат үйлөрүндө жашаганда.”.
5-берене. “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 320-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга компенсацияларды берүү төмөнкү мезгилге токтотулат:
- байкабастыктан кылмыш жасаган адамдардан жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөгөн адамдардан тышкары, эркиндигинен ажыратуу түрүндө сот тарабынан дайындалган жазыктык жазаны өтөгөндө;
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик менчик түрүндөгү интернат үйлөрүндө жашаганда.”.
6-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1196-XII
- Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндөЗакон · 27.05.1994 · № 1538-XII
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөЗакон · 03.04.2008 · № 38 · Күчүн жоготкон
- Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндөЗакон · 02.07.2007 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра…Постановление · 08.10.2014 · № 588 · Күчүн жоготкон