# "Кыргыз Республикасынын калкын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлоо жана маалымдоо үчүн телерадиоберүү каналдарын пайдалануу тартиби жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 112 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын калкын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлоо жана маалымдоо үчүн телерадиоберүү каналдарын пайдалануу тартиби жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 112 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-3001/edition/507038/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын калкын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлоо жана маалымдоо үчүн телерадиоберүү каналдарын пайдалануу тартиби жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 112 токтому менен бекитилген) (03.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96167

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 112 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын калкын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлоо жана маалымдоо үчүн телерадиоберүү каналдарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө калкты кабарлоо жана маалымдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө телерадиоберүү каналдарын пайдалануу тартибин аныктайт.

2. Өзгөчө кырдаалдар учурунда калкты кабарлоо үчүн артыкчылыктуу билдирүүлөрдү берүү адам өмүрүн жана ден соолугун сактоо, чарба жана айлана-чөйрө объекттерин коргоо, коомдук тартипти сактоо үчүн зарыл болгон өзүн алып жүрүү эрежелери, иш-аракеттер тартиби жана чаралар тууралуу берилип жаткан теле жана радио программалардын трансляциясын үзүү менен телерадиоберүү каналдары боюнча видео, тесттик жана оозеки билдирүүлөрдү берүү аркылуу маалымдоо максатында жүргүзүлөт.

3. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана пайда болушу жөнүндө калкты кабарлоо үчүн телерадио берүү каналдарын пайдалануу укугуна ээ.

2. Калкты кабарлоо үчүн артыкчылыктуу билдирүүлөрдү берүү боюнча телерадиоберүү каналдарын пайдалануу тартиби

4. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн жагдайда адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралгандыгы жана зарыл болгон иш-аракеттер тартиби тууралуу видео, тексттик жана оозеки билдирүүлөрдү камтыган маалыматты телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарына берет.

5. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан артыкчылыктуу билдирүүлөрдү алгандан кийин токтоосуз теле жана радио программаларынын трансляциясын үзүп, тиешелүү маалыматты калкка маалымат алып жүрүүчүлөр аркылуу берүүнү камсыз кылат.

6. Кийинкиге калтырууга болбогон өзгөчө учурларда калкты кабарлоо үчүн артыкчылыктуу билдирүүлөрдү токтоосуз берүү үчүн теле жана радио программалардын трансляциясы жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын теле жана радио программаларынын трансляцияларын үзүүчү техникалык каражаттар менен жабдылган ыкчам нөөмөтүнүн түздөн-түз жумушчу ордунда үзүлөт, мында телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын тиешелүү операторуна оозеки түрдө (трансляция үзүлгөн учурдан тартып 10 мүнөттөн кеч эмес) жана беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирүү жиберилет.

7. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы телерадиоберүү каналдарын тартып алуу боюнча техникалык каражаттары бар телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары менен бирдикте кварталына 1 жолудан кем эмес теле жана радио программаларынын трансляциясын үзүүгө техникалык каражаттардын даярдыгын текшерет.
