# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-февралындагы № 107 "2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-февралындагы № 107 "2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16969/edition/505951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-февралындагы № 107 "2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (27.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96159

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 27-февралы № 107 "2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргаз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

"2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору; 2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам керсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга Протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүңдө макулдашууга Протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
