# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемклерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемклерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16967/edition/908777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемклерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96156

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-марты № 111 Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык) Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик, эл аралык, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине кирүүсүн тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтому менен берилген "түзөтүү мекемелери" деген сөздөр аталган токтомдун преамбуласында жок болгондугуна байланыштуу, жогорудагы токтом менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине коомдон обочолоо менен байланышкан жазык-укуктук таасир берүүчү жазаларды жана мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 7-мартында № 16 жарыяланды

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
