Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 июня 2014 года № 339 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-06-17.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-июну № 374 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 213-беренеде:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "бешке" деген сөз "элүү бешке" деген сөздөр менен жана "онго" деген сөз "жетимиш бешке" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "онго" деген сөз "жетимиш бешке" жана "он бешке" деген сөздөр "жүзгө" деген сөз менен алмаштырылсын; 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "бештен онго чейинки" деген сөздөр "элүү беш өлчөмүндө" жана "жыйырма" деген сөз "жетимиш бешке" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Жыйырманчы глава төмөнкүдөй мазмундагы 2131-1-берене менен толукталсын:
"213-1-берене. "Аба кемелерин эксплуатациялоо эрежелерин бузуу
Аба кемелерин учууга уруксат берүү тартибин, же учууга даярдоо жана учуу эрежелерин бузуу, ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө каралган учурлардан тышкары, эгер бул аракеттер байкабастыктан жапа чеккен адамдын саламаттыгына жеңил залал келтирсе, - Жабыр тарткандын ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымын төлөө менен жарандарга жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, же үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө аба кемесин башкаруу укугунан ажыратууга; кызмат адамдарына - кырктан элүүгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана юридикалык жактарга - жүздөн жүз онго чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып салууга кириптер кылат. Бузуктары бар, учууну аткарууга тыюу салынган аба кемеде учуу, же жүргүнчүлөрдү салуу (жүк көтөрүү) нормаларын, же аба кеменин учуу массасын же центровкасын бузуу менен учуп чыгуу, - Аба кеменин командирине жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга же аба кемени башкаруу укугун бир жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга кириптер кылат. Алкоголго, наркотик каражатка же башка баңги кылуучу заттарга мас абалдагы адамдын аба кемени башкаруусу, же аба кемени башкарып жаткан адамдын алкоголь, наркотик каражат, же башка баңги кылуучу заттарды колдонуудан улам мас экендигин белгиленген тартипте медициналык текшертүүдөн баш тартуу, же аба кемени башкарууну алкоголго, наркотик каражатка же башка баңги кылуучу заттарга мас абалдагы адамдын башкаруусуна берүү, - Аба кемени башкаруу укугунан эки жылдан үч жыл мөөнөткө чейин ажыратууга кириптер кылат. Бортунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген издөөчү жана авариялык-куткаруучу каражаттары жок аба кемелеринин учууларды аткарышы, - жарандарга жыйырмадан отузга чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга кириптер кылат; кызмат адамдарына - кырктан элүүгө чейинки жана юридикалык жактарга - жүздөн жүз онго чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.
3. 508-берене "151-157" сандарынан кийин 213-1-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 518-берене "211" деген сандан кийин ", 213-1-статьянын 1 жана 4 бөлүктөрү" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бул долбоору акыркы мезгилдерде Кыргыз Республикасында авиакырсыктар көбөйүп кеткендигине байланыштуу аба кемелерин башкаруучулардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында киргизилип олтурат. Ошондой болсо да, 1998-ж. 04.08 № 115 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аракетке киргизген административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинде авиаташуучулардын жоопкерчилигин аныктоо жана жогорулатуу бөлүгүндө "Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан ишкерчилик менен алектенүү, жана лицензиялоонун шарттарын жана эрежелерин бузуу" 213-статьяда каралган (05.03.07-ж. № 32 жана 04.08.08-ж. № 185 КРнын Мыйзамдарынын редакциясы), бирок каралган санкциялар административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди калыс кароого жана алардын алдын алууга авиаташуучулардын жоопкерчилигин тийиштүү деңгээлде аныктабайт. Мындан тышкары, жеке адамды коргоо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин, калктын саламаттыгын, санитардык-эпидемиологиялык ыңгайын, коомдук нравалуулукту, менчикти жана жаратылыш чөйрөсүн коргоо маселелери чечилбейт. Бүгүнкү күндүн чындыгынан улам, "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине" авиаташуучулардын жоопкерчилигин аныктоо жана жогорулатуу бөлүгүнө оңдоо киргизүү зарыл. Ошол эле убакта, жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак, киргизилген өзгөрүүлөр башка унаадагы административдик укук бузууларга караганда бир кыйла айырмаланып, дисбалансты жаратып тураары байкалат. Бирок, аба унаасы унаалардын өзгөчөлөнгөн, кызмат түрү болуп саналат жана жүргүнчү аба кемесине билет сатып алып жаткан убакта, анын төлөгөн билетинин наркына бир гана ташуу кызматы кирбестен, ошондой эле анын коопсуздугун камсыздандыруу да кирет. Ошол эле учурда авиаташуучулардын жүргүзүлгөн ишмердүүлүгүнөн түшкөн чоң өлчөмдөгү кирешеге карабастан, жарандардын коопсуздугун камсыздандырууга жетишээрлик көңүл бурулбай келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинен жана Юстиция министрлигинен сунуштар түштү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин чегинде, пикир келишпестик матрицасы түзүлүп, кайрадан макулдашуулар жүргүзүлдү. Коомдо талкуулоо максатында, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясына ылайык, "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин электрондук сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилди. Талкуунун жүрүшүндө, авиаташуучулардын жоопкерчилигин арттыруу максатында, айып өлчөмүн которуу тууралуу сунуштар түштү жана ал сунуштар эске алынды. Жогоруда келтирилгендердин негизинде, административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорунда каралган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл деп эсептейбиз.
Министр
З.Рысалиев
"Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекси | Киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор |
|---|---|
| 213-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан ишкердикти жүргүзүү жана аны лицензиялоонун шарттарын жана эрежелерин бузуу Транспорт каражаттарын пайдалануу, оңдоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан ишкердикти, ошондой эле авиациялык ташууларды аткарууну жана тейлөөнү лицензиясыз (уруксатсыз) жүргүзүү - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш, кызмат адамдарына бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттерди администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасаганда - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына ондон он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ташуучу, транспорттук- экспедициялык жана транспорт каражаттарын пайдаланууга, оңдоого жана техникалык жактан тейлөөгө байланыштуу башка ишкердикти лицензиялоонун (уруксат берүүнүн) шарттарын жана эрежелерин бузуу - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн бештен онго чейинки, кызмат адамдарына жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. | 213-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан ишкердикти жүргүзүү жана аны лицензиялоонун шарттарын жана эрежелерин бузуу Транспорт каражаттарын пайдалануу, оңдоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан ишкердикти, ошондой эле авиациялык ташууларды аткарууну жана тейлөөнү лицензиясыз (уруксатсыз) жүргүзүү - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ЭЛҮҮ БЕШКЕ, кызмат адамдарына бештен ЖЕТИМИШ БЕШКЕ өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттерди администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасаганда - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына ЖЕТИМИШ БЕШКЕ ЖҮЗГӨ өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ташуучу, транспорттук- экспедициялык жана транспорт каражаттарын пайдаланууга, оңдоого жана техникалык жактан тейлөөгө байланыштуу башка ишкердикти лицензиялоонун (уруксат берүүнүн) шарттарын жана эрежелерин бузуу - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн ЭЛҮҮ БЕШ ӨЛЧӨМҮНДӨ, кызмат адамдарына ЖЕТИМИШ БЕШКЕ өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. |
| Жыйырманчы глава төмөнкүдөй мазмундагы 213-1-берене менен толукталсын: "213-1-берене. "Аба кемелерин эксплуатациялоо эрежелерин бузуу Аба кемелерин учууга уруксат берүү тартибин, же учууга даярдоо жана учуу эрежелерин бузуу, ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө каралган учурлардан тышкары, эгер бул аракеттер байкабастыктан жапа чеккен адамдын саламаттыгына жеңил залал келтирсе, - Жабыр тарткандын ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымын төлөө менен жарандарга жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, же үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө аба кемесин башкаруу укугунан ажыратууга; кызмат адамдарына - кырктан элүүгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана юридикалык жактарга - жүздөн жүз онго чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып салууга кириптер кылат. Бузуктары бар, учууну аткарууга тыюу салынган аба кемеде учуу, же жүргүнчүлөрдү салуу (жүк көтөрүү) нормаларын, же аба кеменин учуу массасын же центровкасын бузуу менен учуп чыгуу, - Аба кеменин командирине жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга же аба кемени башкаруу укугун бир жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга кириптер кылат. Алкоголго, наркотик каражатка же башка баңги кылуучу заттарга мас абалдагы адамдын аба кемени башкаруусу, же аба кемени башкарып жаткан адамдын алкоголь, наркотик каражат, же башка баңги кылуучу заттарды колдонуудан улам мас экендигин белгиленген тартипте медициналык текшертүүдөн баш тартуу, же аба кемени башкарууну алкоголго, наркотик каражатка же башка баңги кылуучу заттарга мас абалдагы адамдын башкаруусуна берүү, - Аба кемени башкаруу укугунан эки жылдан үч жыл мөөнөткө чейин ажыратууга кириптер кылат. Бортунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген издөөчү жана авариялык-куткаруучу каражаттары жок аба кемелеринин учууларды аткарышы, - жарандарга жыйырмадан отузга чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга кириптер кылат; кызмат адамдарына - кырктан элүүгө чейинки жана юридикалык жактарга - жүздөн жүз онго чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат. | |
| 508-статья. Судьялар Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 57-64, 66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, 92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 151-157-статьяларында, 228-статьянын экинчи бөлүгүндө, 230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 232-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьянын биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, 240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 241-статьянын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 242-статьянын экинчи бөлүгүндө, 246, 250-статьяларында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3-статьяларында, 302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясынын экинчи, үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, 339-345, 346-1, 354, 363, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 400-1, 400-2-статьяларында, 404-406, 409-1, 409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1 - 422-4, 454, 464, 466-468, 476, 505-1 - 505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт. Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505, 505-17-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп берген учурларда судьялар тарабынан каралат. | 508-статья. Судьялар Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 57-64, 66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, 92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 151-157-статьяларында, 213-1-БЕРЕНЕНИН 2 ЖАНА 3-БӨЛҮКТӨРҮ, 228-статьянын экинчи бөлүгүндө, 230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 232-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьянын биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, 240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 241-статьянын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 242-статьянын экинчи бөлүгүндө, 246, 250-статьяларында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3-статьяларында, 302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясынын экинчи, үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, 339-345, 346-1, 354, 363, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 400-1, 400-2-статьяларында, 404-406, 409-1, 409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1 - 422-4, 454, 464, 466-468, 476, 505-1 - 505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт. Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505, 505-17-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп берген учурларда судьялар тарабынан каралат. |
| 518-статья. Аба транспортунун органдары Кыргыз Республикасынын аба транспортунун органдары ушул Кодекстин 85-1, 211, 222, 252, 253-статьяларында, 254-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 255-258-статьяларында, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: - аба транспорту департаментинин директору жана анын орун басары; - аба транспорт департаментинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы; - аэропорттордун башчылары жана алардын орун басарлары; - учуу коопсуздугу кызматынын башчылары. | 518-статья. Аба транспортунун органдары Кыргыз Республикасынын аба транспортунун органдары ушул Кодекстин 85-1, 211, 213-1-СТАТЬЯНЫН 1 ЖАНА 4 БӨЛҮКТӨРҮ, 222, 252, 253-статьяларында, 254-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 255-258-статьяларында, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: - аба транспорту департаментинин директору жана анын орун басары; - аба транспорт департаментинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы; - аэропорттордун башчылары жана алардын орун басарлары; - учуу коопсуздугу кызматынын башчылары. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 339 "«Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 17.06.2014 · № 339 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики об административной ответственностиЗакон · 04.08.1998 · № 115 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 339 "«Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 17.06.2014 · № 339 · Күчүн жоготкон