# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 «Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 «Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16941/edition/505753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 «Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96120

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 25-февралы № 101 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 «Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Айыл чарбанын дуң продукциясын өндүрүү көлөмдөрүнүн өсүшүн, 1997-2012-жылдарда алынган насыялык каражаттарды кайтарып берүүнү, ошондой эле республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 «Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктунун биринчи абзацындагы «2015» деген цифралар «2025» деген цифраларга алмаштырылсын;

4-пунктунда:

- экинчи жана алтынчы абзацтарындагы «2015» деген цифралар «2025» деген цифраларга алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

«- карызды төлөө 2013-2024-жылдырда жыл сайын төлөөнүн графигин түзүү менен 12 жылдын ичинде бирдей үлүштөрдө жүргүзүлсүн;»;

- бешинчи абзацындагы «2014» деген цифралар «2024» деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
