# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу» жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу» жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16932/edition/609367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу» жөнүндө" токтому (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96107

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 25-февралы № 102 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу» жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

Дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенттин 328-1-пунктунун экинчи-онунчу абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ыйлайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
