# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2014-жылдын 7-февралы № 77 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2014-жылдын 7-февралы № 77 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16931/edition/505749/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2014-жылдын 7-февралы № 77 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (07.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96106

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-февралы № 77 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"1. Ушул токтомго тиркелген схемага жана экспликацияга ылайык (1 жана 2-тиркемелер) Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо райондорундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы жер участокторун пайдалануу укугу "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына андан ары салым катары киргизүү үчүн 49 жылдык мөөнөткө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мөөнөтүн узартуу менен "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна берилсин.";

- 5 жана 6-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин:

"5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары башка активдерди (материалдык жана/же материалдык эмес) кошумча киргизүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароосуна киргизсин;

- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун пайдалануу укугун өткөрүп берүү түрүндө алынган кирешелерине дивиденддерди эсептебесин.

6. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- зарыл болгон учурда белгиленген тартипте "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары башка активдерди (материалдык жана/же материалдык эмес) кошумча киргизүү;

- Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун иштеп чыгууда жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашууда региондун өнүгүшү менен байланышкан сарптоолорду эске алсын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
