Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 „Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 августа 2015 года № 564 "О мерах по реализации требований статей 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232 Закона Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-08-10.
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 13-февралы № 91 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында төлөмдөрдү накталай эмес түрдө жүргүзүү боюнча төлөм тутумдарынын инфратүзүмүн кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 243-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:
- 8.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"8.3 Бажы төлөмдөрү эсептешүүнүн накталай эмес түрүндө төлөм тапшырмалары менен (ушул Нускаманын № 2-тиркемеси), байланыштын жана телекоммуникациялардын электрондук каналдарын пайдалануу менен электрондук ыкмада, накталай акча менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөнүшү мүмкүн. Төлөөчү бажы төлөмдөрүн банктык төлөм карталарын колдонуп электрондук ыкма менен төлөгөндө анын төлөнгөн фактысын ырастоо болуп бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутумуна банктын маалымат тутумдарынан, анын ичинде төлөм тутумдарынын операторлорунун маалымат тутумдарынан (процессинг борборлору) бажы төлөмдөрү төлөнгөндүгү тууралуу электрондук маалымат келгендиги эсептелет. Бирдиктүү автоматташтырылган тутум менен банктык маалымат тутумдарынын, анын ичинде процессинг борборлорунун ортосундагы бажы төлөмдөрү төлөнгөндүгү тууралуу маалымат алмашуу корголгон байланыш каналдары боюнча шифрлөө методун колдонуу менен жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, банктардын жана/же процессинг борборлорунун ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Төлөөчү банктык төлөм карталарын колдонуу менен бажы төлөмдөрүн төлөөнүн жыйынтыгында терминал, банкомат же башка түзүлүш тарабынан түзүлгөн карт-чек бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөн фактысын ырастаган кагаз түрүндөгү документ болуп саналат. Төлөөчүнүн карт-чекти берүүсү, андагы маалыматтар жана төлөмдөрдүн реквизиттери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы Бирдиктүү маалымат тутумуна келип түшкөн бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөнү тууралуу электрондук маалыматка дал келүүсү бажылык тариздөө жол-жобосун жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат. Карт-чектин үлгүсүнүн формасы ушул Нускаманын № 2-1-тиркемесинде келтирилди.";
- 8.7-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Терминал, банкомат же башка түзүлүштөр аркылуу банктык төлөм карталарын колдонуу менен бажы төлөмдөрү төлөнгөн учурда электрондук төлөм тууралуу маалымат бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутумунда жүктүн бажы декларациясынын, транзиттик бажы декларациясынын жана жөнөкөйлөтүлгөн формадагы бажылык кириштөө ордеринин электрондук нускасы менен бирге сакталат.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда № 2-1-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-февралындагы № 91 токтомуна тиркеме
"№ 2-1 тиркеме Карт-чектин үлгүсү
№ төлөм боюнча маалымат
Декларациянын номери
Бажынын коду жана аталышы
Бажынын эсеби
Декларациянын тиби
Төлөнгөн күнү жана убактысы
Төлөөчү
Төлөөчүнүн эсебинин номери
СТИН
ОКПО коду
КРСФ каттоо номери
Төлөнгөн төлөмдөрдүн жалпы суммасы - Жыйынтыгы
Төлөм суммасы
Төлөм коду(*)
Бажылык тариздөө үчүн жыйымдар
Сумма
Төлөмдүн арналышы
Төлөм коду(*)
Ташып кирүүгө (импорттук) бажы алымы
Сумма
Төлөмдүн арналышы
Төлөм коду(*)
Ташылып келген товарларга карата КНС
Сумма
Төлөмдүн арналышы
Төлөм коду(*)
Акциздик салык
Сумма
Төлөмдүн арналышы
(*) Карт-чек боюнча төлөм коду Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына ылайык Кирешелер боюнча операциялардын классификациялык түзүмүнө жараша түзүлөт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Инструкция по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей ( утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон