Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмону бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 7 августа 2018 года № 362 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О конфликте интересов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-08-07.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 13-февралы № 90 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмону бекитүү жөнүндө Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын таламдарынын кагылышын жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө" жана "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарында таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмо бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмону жетекчиликке алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарында таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмо 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки айдын ичинде:
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын таламдарынын кагылышын жоюуну жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрлык иштер бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу"…Постановление · 07.08.2018 · № 362
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча УБАКТЫЛУУ КОЛДОНМОРуководство · 13.02.2014 · № 90 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 токтомуПостановление · 07.08.2018 · № 362
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу"…Постановление · 07.08.2018 · № 362
- КР Президентинин жарлыгы 2013-жылдын 12-ноябры ПЖ № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө"Указ · 12.11.2013 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 08.08.2012 · № 153 · Күчүн жоготкон