Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-февралы № 87 Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык) Жарандарды аскердик кызматка сапаттуу даярдоону жана өсүп келе жаткан муунду мекенчил сезимде тарбиялоону камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Орто жалпы билим берүү программаларын, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү кесиптик окутуу программаларын ишке ашыруучу билим берүүчү уюмдарда жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Карамагында орто жалпы билим берүү программаларын, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү кесиптик окутуу программаларын ишке ашыруучу билим берүүчү уюмдары бар министрликтер жана ведомстволор Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен бирге өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык келтирсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 1-октябрындагы № 487 "Уландарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Орто жалпы билим берүү программаларын, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү кесиптик окутуу программаларын ишке ашыруучу билим берүүчү уюмдарда жаштарды аскерге чакырууга…Положение · 11.02.2014 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 27 апрелиндеги № 217 токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.