# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96087>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16917/edition/501108/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96087.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96087

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-февралы № 86 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене. "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 20-июлу, № 33) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 9-беренеде:

- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Тынчтыкты сактоо миссияларына катышуу үчүн милиция кызматчыларын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүү";

- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге милиция кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
