Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-февралы № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-бер.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 89-статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо иштери боюнча товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү 10 күндөн, ал эми техникалык татаал товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн иш экспертизага келип түшкөн күндөн баштап бир айдан ашпашы керек.".
2. 108-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Товардын кемчиликтеринин пайда болуу себептери жөнүндө чыр-чатак чыккан учурда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоодо эксперттерге кошулуучу сумма сатуучу (даярдоочу) же сатуучунун (даярдоочунун) функциясын аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде аткарган уюм тарабынан төлөнөт.".
3. 155-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Керектөөчүнү же керектөөчүлөрдүн тобун коргоодогу коомдук бирикмелердин, жарандардын доолору боюнча иштер 10 күнгө чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет. Керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн укуктарын коргоодогу коомдук бирикмелердин доолору боюнча иштер бир айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет".
4. 211-статьянын 2-пункту "(аракетсиздигин)" деген сөздөн кийин төмөнкү сөздөр менен толукталсын ", коомдук бирикмелердин жана жарандардын доолору боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо иштери жагында" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча тиешелүү жөндөмөдөгү жана сандагы "(алардын аймактык органдары), "(анын аймактык органдары)" деген сөздөр алып салынсын.
2. 4-берененин 6-пунктунун биринчи абзацы "иш жүзүндө алынган саны үчүн" деген сөздөрдөн кийин "төлөөнүн накталай жана/же накталай эмес формасында" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Керектөөчүлөрдүн укугун сотто, администрацияда жана коомчулукта коргоо
1. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо сот, монополияга каршы мамлекеттик орган, товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) тарабынан ишке ашырылат.
2. Өздөрүнүн укуктарынын бузулуусу менен байланышкан доолор боюнча керектөөчүлөр, ошондой эле монополияга каршы мамлекеттик орган, товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн) кызыкчылыгы үчүн коюлган доолор боюнча керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.
3. Сот керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн), керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын ушул Мыйзамда белгиленген талаптарын канааттандырган учурда, сот керектөөчүнүн укугун бузган сатуучудан (даярдоочудан, аткаруучудан) керектөөчүнүн талаптарын канааттандыруунун ыктыярдуу тартибин сактабагандыгы үчүн доонун баасынын өлчөмүндө республикалык бюджетке айып өндүрүү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
Эгерде керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн) укугун коргогон доо арыз менен чыкса, өндүрүлгөн жазапулдун суммасынын элүү пайызы аталган бирикмелерге (алардын союздарына, ассоциацияларына) же жергиликтүү өз алдынча органдарга чегерилет.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулуу фактыларын караган жана алар укук бузуучуларга административдик жазапул салган учурда, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) материалдары боюнча салынган жазапулдардын суммасынын 50 пайызы ошол коомдук бирикмелердин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) бюджетине чегерилет.".
4. 17-берененин 5-пунктунун 4-абзацында:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) экспертиза 10 күндүн аралыгында, техникалык татаал товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн иштер экспертизага келип түшкөн күндөн баштап бир айдын аралыгында жүргүзүлөт";
- экинчи сүйлөм "Керектөөчү" деген сөздөн кийин "товарды экспертизадан өткөрүүгө катышууга," деген сөздөр менен толукталсын.
5. Төмөнкү мазмундагы 24-1-берене менен толукталсын:
"24-1-берене. Товарларды сатуунун дистанциялык ыкмасы
1. "Товарды чекене сатып алуу-сатуу келишими каталогдор, проспекттер, буклеттер, фотосүрөттөр, байланыш каражаттары (телеберүү, почта, радио байланыш жана башка), интернет аркылуу сатуучу сунуш кылган товарды сүрөттөө менен керектөөчүнү тааныштыруунун негизинде же мындай келишимди түзүүдө керектөөчүнүн товар же товардын үлгүсү менен түздөн-түз таанышуу мүмкүндүгү болбогон башка ыкмалар (товарды сатуунун дистанттык ыкмасы) аркылуу түзүлүшү мүмкүн. Келишим түзгөнгө чейин сатуучу (даярдоочу) керектөөчүгө товардын негизги керектөө касиеттери, сатуучунун дареги (турган жери), товардын чыгарылган жери, сатуучунун (даярдоочунун) толук фирмалык аталышы, товардын наркы жана сатып алуунун шарттары, аны жеткирүү, колдонуу мөөнөтү, жарамдуулук мөөнөтү жана кепилдик мөөнөтү, товарды төлөөнүн тартиби, ошондой эле келишимди түзүү жөнүндө сунуштун колдонулуу мөөнөтү жөнүндө маалымат бериши керек.
2. Керектөөчүгө товарды жеткирген учурда ушул Мыйзамда каралган товар, товарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат жазуу жүзүндө берилиши керек.
3. Керектөөчү товар берилгенге чейин каалаган убакытта, ал эми берилгенден кийин беш күндүн ичинде андан баш тартууга укуктуу.
Эгерде талаптагыдай сапаттагы товарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндөгү маалымат товарды жеткирүү учурунда жазуу жүзүндө берилбесе, керектөөчү товар берилген учурдан баштап үч айдын ичинде андан баш тартууга укуктуу. Эгерде анын товардык көрүнүшү, керектөө касиеттери, ошондой эле аталган товарды сатып алуу фактысын жана шарттарын ырастаган документ сакталса, талаптагыдай сапаттагы товарды кайтарып берүүгө мүмкүн. Керектөөчүдө товарды сатып алуу фактысын жана шарттарын ырастаган документ жок болсо, аны товарды ушул сатуучудан сатып алгандагы башка далилдерге таянуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт. Керектөөчү товардан баш тартканда, сатуучу керектөөчү ага тийиштүү талапты койгон күндөн баштап он күндөн кечиктирбестен, керектөөчү келишим боюнча төлөгөн акчалай сумманы кайтарып бериши керек.".
6. 54-берененин 1-пунктундагы "Коомдук бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана уставдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана уставдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-октябрындагы № 4409-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз…Постановление · 23.10.2014 · № 4409-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-июнундагы № 4162-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.06.2014 · № 4162-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 31-декабрындагы № 4653-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз…Постановление · 31.12.2014 · № 4653-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 17-декабрындагы № 4601-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 17.12.2014 · № 4601-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 4299-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз…Постановление · 11.09.2014 · № 4299-V · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Об общественных объединенияхЗакон · 01.02.1991 · № 359-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү…Постановление · 11.11.2011 · № 727 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон