# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96083>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16913/edition/498512/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96083.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96083

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 5-февралы № 76 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- калктын оор турмуштук кырдаалга кабылган аялуу катмарына, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир убакта үч же андан ашык бала төрөлгөндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
