Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 декабря 2014 года № 754 "Об утверждении Положения о Государственной комиссии по запасам полезных ископаемых Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-12-30.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-декабры № 754 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 5-февралы № 74 Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссиянын иштөөсү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссия тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2014-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө кен пайдалануу жаатындагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобонун долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-августундагы № 489 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 256 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-декабрындагы № 843 токтомуна тиркеме.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 74 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасы;
Рыскулов Уланбек Дуулатович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Шаболотова Зинаида Филоретовна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтык ресурстар башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Эшназаров Наби Асанович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармалыгынын начальниги;
Асанов Базарбай Абылкасымович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер казынасын коргоо жана кен казуу өнөр жайы башкармалыгынын начальниги;
Курумшиев Руслан Жекшенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин уруксаттама берүү жана кен пайдалануу башкармалыгынын начальниги;
Сабиров Оморали Таштемирович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармалыгынын башкы адиси;
Укубаев Элмырза Аманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын кен пайдалануу боюнча саясат бөлүмүнүн башкы адиси;
Никоноров Валентин Васильевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясынын болжолдоо партиясынын начальниги;
Толстихин Геннадий Михайлович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясынын башкы геологу;
Макеев Владимир Петрович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясынын текшерүү партиясынын жетектөөчү геологу;
Шепилов Владимир Дмитриевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясынын жетектөөчү геологу;
Кожогулов Бакыт Камчыбекович
-
"Кен-Тоо" долбоордук-изилдөө борборунун директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-декабрындагы № 754 "Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 30.12.2014 · № 754
- Постановление Правительства КР от 24 декабря 1997 года N 751 "Об утверждении Положения о Государственной комиссии Кыргызской Республики по запасам полезных ископаемых"Постановление · 24.12.1997 · № 751 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КРот 14 августа 2000 года №489 "О состоянии внешнеэкономической деятельности Кыргызской Республики за первое полугодие 2000 года и мерах по ее…Постановление · 14.08.2000 · № 489 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-декабрындагы № 843 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча…Постановление · 20.12.2012 · № 843 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү нү н 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу…Постановление · 24.04.2012 · № 256 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-декабрындагы № 754 "Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 30.12.2014 · № 754
- Постановление Правительства КР от 24 декабря 1997 года N 751 "Об утверждении Положения о Государственной комиссии Кыргызской Республики по запасам полезных ископаемых"Постановление · 24.12.1997 · № 751 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КРот 14 августа 2000 года №489 "О состоянии внешнеэкономической деятельности Кыргызской Республики за первое полугодие 2000 года и мерах по ее…Постановление · 14.08.2000 · № 489 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-декабрындагы № 843 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча…Постановление · 20.12.2012 · № 843 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү нү н 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын пайдалуу…Постановление · 24.04.2012 · № 256 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.