# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96081>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16911/edition/499115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96081.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (10.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96081

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-февралы № 81 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 152 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын курамында: -экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору, Комиссиянын төрагасынын орун басары;”;

- бешинчи жана алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертизалоо борборунун директору;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору.”;

- он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;”;

- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
