# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16908/edition/1108545/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96078

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-февралы № 79 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пунктунда:

- экинчи абзацындагы “система киргизилгенден кийин” деген сөздөр “системасын киргизүүнүн жыйынтыгы боюнча” деген сөздөргө; “2014” цифралары “2015” цифраларына алмаштырылсын;

- жетинчи абзацындагы “2014” цифралары “2015” цифраларына алмаштырылсын;

- онунчу абзацындагы “2013” цифралары “2015” цифраларына алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 31-пунктундагы “1373”, “157”, “11” жана “1205” цифралары тиешелүү түрдө “1343”, “149”, “9” жана “1185” цифраларына алмаштырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
