# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96066>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16898/edition/776148/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96066.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтому (21.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96066

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 21-январы № 41 Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын фонду" мамлекеттик ишканасы "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик мекемесине өзгөртүлүп түзүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик мекемесинин уставы;

- Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:

- "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына атайын эсептин атын тактоо менен сунуш киргизсин;

- бул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 705 "Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жада экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
