# "Электрондук лотереянын катышуучуларына маалыматтарды берүү үчүн электрондук лотереяны уюштуруучу тарабынан телевизордун же компьютердин экранына жайгаштырылуучу керектүү кабарлардын милдеттүү тизмеси" (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 75 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: "Электрондук лотереянын катышуучуларына маалыматтарды берүү үчүн электрондук лотереяны уюштуруучу тарабынан телевизордун же компьютердин экранына жайгаштырылуучу керектүү кабарлардын милдеттүү тизмеси" (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 75 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Перечень
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/43-101/edition/905863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96062.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Электрондук лотереянын катышуучуларына маалыматтарды берүү үчүн электрондук лотереяны уюштуруучу тарабынан телевизордун же компьютердин экранына жайгаштырылуучу керектүү кабарлардын милдеттүү тизмеси" (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 75 токтому менен бекитилген) (04.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96062

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 75 токтомунун 1-тиркемеси

Электрондук лотереянын катышуучуларына маалыматтарды берүү үчүн электрондук лотереяны уюштуруучу тарабынан телевизордун же компьютердин экранына жайгаштырылуучу керектүү кабарлардын милдеттүү тизмеси

Электрондук лотереяны уюштурууда жана өткөрүүдө электрондук лотереянын катышуучуларына маалыматтарды берүү үчүн электрондук лотереяны уюштуруучу тарабынан телевизордун же компьютердин экранына жайгаштырылуучу керектүү кабарлардын төмөнкүдөй милдеттүү тизмеси белгиленет: Лотереянын аталышы жана логотиби. Лотереяны уюштуруучунун аталышы жана логотиби. Лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн номери жана берилген күнү. Лотереяны өткөрүүнүн шарттарын камтыган, лотереяны уюштуруучунун сайтынын дареги. Лотереяны уюштуруучунун дареги жана телефон номуру. “18 жаштан улуу адамдар үчүн” деген жазуу; Электрондук лотереяга катышуунун баасы. Лотереяны ойнотуу телевизордун каналдарынан же интернеттен берилген учурдагы убакытты көрсөтүү менен “Түз эфир” деген жазуу жазылышы зарыл. Тартып алуу көрсөтүлгөн учурда “Кайталоо” деген жазуу болууга тийиш. Электрондук лотереяны уюштуруучу пайдаланган лотереялык программада телевизордун же компьютердин экранында лотереянын шарттарын жана оюндун эрежелерин чагылдыруу караштырылууга тийиш.

\*- телевизордун же компьютердин экраны деп, электрондук лотереяны өткөрүү үчүн лотереялык программалар менен жабдылган лотереялык жабдуулардын экраны (монитору) да түшүнүлөт.
