# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 178 "2004-2006-жылдардагы иштердин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 178 "2004-2006-жылдардагы иштердин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16888/edition/495430/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 178 "2004-2006-жылдардагы иштердин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (26.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96053

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 376 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 13-марты № 178 2004-2006-жылдардагы иштердин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө "Жазгы-талаа иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыктары жана 2008-жылдын түшүмүн жыйноого даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомуна, "Күздүк өсүмдүктөрдү өз убагында себүү жана кыртышты 2007-жылдагы түшүмгө даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 697 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2004-2006-жылдардагы иштердин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларынын тиркелген тизмеси бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги белгиленген тартипте аларды өндүрүшкө киргизүүнү тездетүү максатында ата мекендик жана чет элдик селекциянын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы келечектүү жана тартыш сортторунун жана гибриддеринин алгачкы үрөнчүлүгүн жүргүзүү укугун мамлекеттик сорт сыноо станцияларына жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларына берсин.

3. "2000-2003-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча аттестациядан өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноочу станцияларынын жана мамлекеттик сорт участокторунун тизмелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы № 586 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
