# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралы № 65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Көл» майманкана–соода комплекси» мамлекеттик ишканасын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралы № 65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Көл» майманкана–соода комплекси» мамлекеттик ишканасын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16887/edition/495311/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралы № 65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Көл» майманкана–соода комплекси» мамлекеттик ишканасын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (03.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96051

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2014-жылдын 3-февралы № 65

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Көл» майманкана–соода комплекси» мамлекеттик ишканасын өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Көл» мейманкана-соода комплекси» мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле расмий иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Көл» мейманкана-соода комплекси» мамлекеттик ишканасын (мындан ары-мамлекеттик ишкана) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берүү максатка ылайык деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мамлекеттик ишкананы мүлктүк комплекси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик ишкананы өзүнүн карамагына алсын;

- бир айлык мөөнөттө мамлекеттик ишкананын уставын иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Көл» мейманкана-соода комплекси» мамлекеттик ишканасы» позициясы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 315 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомунун тиркемесинин 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 464 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун карамагына өткөрүп берилүүчү мамлекеттик ишканалардын уставдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун үчүнчү абзацы жана 2-тиркемеси.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
