# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 346
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16885/edition/495145/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96038.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (10.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96038

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-майы № 346 Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы №258, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кошумча кесиптик билим берүү программасын жүзөгө ашырган жогорку жана орто кесиптик билим берүү жайларынын түзүмдүк бөлүмү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы N 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди даярдоонун, акысын төлөөнүн, сактоонун, берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы N 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын кафедрасы жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңеши жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн окутуу-методикалык бирикмеси жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө жобо 11-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258, 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
