Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 „Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 декабря 2023 года № 678 "О вопросах лицензирования отдельных видов деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 20-январы № 33 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 32-главасында:
- 7-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы "ЖОЖду аяктагандан кийин" деген сөздөр "жогорку кесиптик билим алгандан кийин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацы "юридикалык адистик боюнча" деген сөздөрдөн кийин "жогорку кесиптик билим алгандан кийин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- квалификациялык сынактарды өткөрүү үчүн лицензиардын алдында лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык сынак алуу боюнча квалификациялык комиссия түзүлөт. Квалификациялык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыздоо лицензиар тарабынан ишке ашырылат. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык сынакка суроолордун жалпы тизмеги лицензиар тарабынан бекитилет.";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9. Адвокаттык иш жүргүзүүнү каалаган жана адвокаттык практикада, прокуратурада, укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө, сотто, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын, юридикалык жана алардын аткаруучу ишинин багыты милдеттүү түрдө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган башка бөлүмдөрүндө беш жылдык стажы бар адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогорку юридикалык билими бар депутаттарына лицензия сынак тапшыруусуз берилет.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"13. Ушул главанын 9-пунктунда аталган адамдар, ошондой эле адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар квалификациялык сынак тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине квалификациялык комиссиянын кароосуна төмөнкүдөй документтерди тапшыруусу керек:
- адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө же адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык сынакты тапшырууга уруксат берүү жөнүндө арыз;
- тийиштүү түрдө толтурулган жана өзү кол койгон кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
- ким экендигин күбөлөндүргөн жана талапкердин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгын ырастаган документтер;
- жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- жогорку кесиптик билим алгандан кийин бир жылдан кем эмес (ушул главанын 9-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар үчүн - жогорку кесиптик билим алгандан кийин беш жылдан кем эмес) юридикалык адистиги боюнча иш стажысын ырастаган нотариуста күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү;
- акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө;
- сүрөт (өлчөмү: 4x6, кагазы - түстүү).
Укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө иштеген адамдар үчүн берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн объективдүү-маалымкатты кошумча берүү керек.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Положение о лицензировании отдельных видов предпринимательской деятельности (Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2001 года №260)Положение · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 21.10.1999 · № 114 · Күчүн жоготкон