Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2013-жылга Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-январы № 57 2013-жылга Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө Сапат жагында орчундуу натыйжаларга жетишкени, коопсуздукту камсыздаганы жана сапаттын менеджментинин жогорку натыйжалуу ыкмаларын киргизгени, ошондой эле конкурска жигердүү катышканы жана продукциянын сапаты жагында орчундуу натыйжаларга жетишкени үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы «Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүнде» № 478 токтомун зеке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Сапат жагынан сыйлыктарды ыйгаруу боюнча кеңешинин чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 2013-жылга Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгы төмөнкүлөрге ыйгарылсын: «Азык-түлүк товарларын жана айыл-чарба продукцияларын өндүрүү» номинациясында:
- «Кыргыз Коньягы» жоопкерчилиги чектелген коомуна (Бишкек шаары);
- «Ак-Жалга» жабык акционердик коомуна (Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы);
«Эл керектөечү товарларды өндүрүү номинациясында (тигүү өндүрүшү жана эмерек ендүрүшү)»:
- «Aiko Seiko» (Айко Сейко) жоопкерчилиги чектелген коомуна (Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы);
«Тейлөө (туриеттик жана мейманканалык тейлөө)» номинациясында:
- Кыргызстан профсоюздар федерациясынын «Кегүлтүр Ысык-Көл» санаторийине (Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары).
2. 2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сапат боюнча дипломдору менен төмөнкүлөр сыйлансын:
«Азык-түлүк товарларын жана айыл-чарба продукцияларын өндүрүү» номинациясында:
- Насыркул Урманбетов атындагы «Арпа» ачык акционердик коому (Бишкек шаары);
- «Ак-Бата» жоопкерчилиги чектелген коому (Бишкек шаары);
«Эл керектөөчү товарларды өндурүү (тигүү жана эмерек өндүрүшү)» номинациясында:
- «ЛИНА» жоопкерчилиги чектелген коому (Бишкек шаары);
- «Илбирс» ачык акционердик коому (Бишкек шаары);
- «ДОМиК» жоопкерчилиги чектелген коому (Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ново-Покровка айылы);
«Тейлөө (туристтик жана мейманканалык тейлеө)» номинациясында:
- «Каприз» жоопкерчилиги чектелген коому (Бишкек шаары);
- «ОШ НУРУ» жоопкерчилиги чектелген коому (Ош шаары).
3. Бул токтом расмий жарыяланган күнден тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 18 августа 1997 года №478 "Об учреждении премий Кыргызской Республики по качеству"Постановление · 18.08.1997 · № 478