# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16874/edition/1151266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96022

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 27-январы № 50 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

28-баптын 11-пунктунун “а” пунктчасынын жетинчи абзацындагы “300,0” жана “100,0” деген цифралар “200,0” жана “50,0” деген цифраларга тиешелүү түрдө алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
