# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 579
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.09.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96006>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16863/edition/1142828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96006.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө" токтому (14.09.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96006

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 14-сентябры № 579 Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын курулуш комплексин натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 483 "Кыргыз Республикасынын курулуштук комплекс тармагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттердин 2008-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 579 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө

багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата

ПЛАНЫ

| № | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруу үчүн жооптуулар | Күтүлгөн натыйжа |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | Жергиликтүү жана республикалык бюджеттерде каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тийиштүү шаар куруу документтерин иштеп чыгуу | 2009-2010- жылдар | Архкурулуш, Финмин, ОМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Белгиленген тартипте макулдашыл- ган жана бекитилген Кыргыз Рес- публикасынын калктуу конуштарынын шаар куруу документтери |
| 2 | Калктуу конуштарда курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун типтүү эрежесин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 2009-жылдын 31-декабры- на чейин | Архкурулуш, Мамкаттоо | КРӨ токтомун кабыл алуу |
| 3 | Башкы пландарга ылайык магистралдык инженердик тармактарды жана жылуулук менен камсыздоо булактарын өнүктүрүү схемаларын иштеп чыгуу жана долбоорлоо | 2010-жылдын 30-июнуна чейин | ОМА, Архкурулуш, Отунэнермин, Финмин | Магистралдык инженердик тармактарды жана жылуулук менен камсыздоо булактарын өнүктүрүү схемаларын белгиленген тартипте бекитүү жана долбоорлоо |
| 4 | Инженердик инфраструктураны курууну кошо каржылоо булагын аныктоочу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 2010-жылдын 30-июнуна чейин | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана ОМА (макулдашуу боюнча), ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), Отунэнермин, Финмин, Экономсоода- мин | КРӨ токтомун кабыл алуу |
| 5 | Магистралдык инженердик тармактардын жана жылуулук менен камсыздоо булактарынын схемаларын иштеп чыгууну жана долбоорлоону этаптуу каржылоо боюнча конкреттүү чараларды даярдоо | 2010-жылдын 30-июнуна чейин | Отунэнермин, Финмин, Архкурулуш | КРӨ токтомун кабыл алуу |
| 6 | Курулуш комплекстерин, анын ичинде турак жай имараттарды жана курулмаларды тургузууда курулуш уюмдары үчүн энергия үнөмдөө саясаты боюнча чаралар комплексин иштеп чыгуу: а) муздак жана ысык сууну керектөө үчүн приборлорду, жалпы үй үчүн жылуулук эсептегичтерди, газ эсептегичтерди милдеттүү орнотууну караштыруу; б) көп квартиралуу үйлөрдү курууда энергиянын кайра жаңыланчу булактарын (ЭКЖБ), жылытуунун жана жылуулук менен камсыздоонун жеке системаларын пайдалануу | 2010-жылдын 30-июнуна чейин | Отунэнермин, Архкурулуш, Курулушчулар союзу (макулдашуу боюнча), Экономсоода- мин | КРӨ токтомун кабыл алуу |
| 7 | Уюмдардын жана ишканалардын курулуш жагындагы адистерге жана жумушчу кадрларга муктаждыгын аныктоо | Жыл сайын 1-декабрга чейин | Миграциямам- ком, Архкурулуш, Кесиптехмам- ком, Соода-өнөржай палата (макулдашуу боюнча) | Кесиптер боюнча кадрларды даярдоого жыйынтык өтүнмөлөр |
| 8 | Эмгек рыногунун реалдуу талабын эске алуу менен башталгыч, орто жана жогорку билим берүү программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2010-жылдын 31-майына чейин | Билиммин, Кесиптехмам- ком, Миграциямам- ком, Архкурулуш, Соода-өнөржай палата (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын тийиштүү актылары |
| 9 | Адистерди жана жумушчу кадрларды сапаттуу даярдоо жана кайрадан даярдоо үчүн курулуш жагындагы билим берүүчү уюмдарды каржылоо механизмин өркүндөтүү (жыл сайынкы негизде) | Жыл сайын 30-январга чейин | Кесиптехмам- ком, Билиммин, Финмин, Архкурулуш, Экономсоода- мин | КРӨ токтомун кабыл алуу |
| 10 | Курулуш жагындагы окуу жайлардын учурдагы материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана жаңыртып жабдуу | 2009- 2010-жж. | Билиммин, Кесиптехмам- ком, Финмин, Архкурулуш | Мамлекеттик органдардын тийиштүү актылары |
| 11 | Адистерди жана жумушчу кадрларды өндүрүштөн ажыратпастан даярдоонун жана кайра даярдоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2009- 2010-жж. | Экономсоода- мин, Архкурулуш, Билиммин, Кесиптехмам- ком, Соода-өнөржай палата (макулдашуу боюнча) | Келишимдер, макулдашуу- лар |
