# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21- январындагы № 43 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21- январындагы № 43 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16860/edition/493231/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96002.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21- январындагы № 43 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (21.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96002

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 21- январы № 43 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

"Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкметү менен Түркия Республикасынын Өкметүнүн ортосундагы "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин андан аркы иши жөнүнде келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

- Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 579 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтунүн ортосундагы «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

берене. Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин андан аркы иши жөнүндө келишим ратификациялансын. берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка кабарласын. берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики
