# 9-статья. Энергетикалык иликтөө

- Документ: [Энергияны үнөмдөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/96)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-июлундагы № 88 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 07.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 декабря 2024 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019602)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/96#diff=956638..23766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-85/edition/956632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергияны үнөмдөө жөнүндө, 9-статья (10.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-9

---

Менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана ишканаларды энергетикалык иликтөө пайдаланылуучу энергетикалык ресурстардын көлөмү жөнүндө объективдүү маалыматтарды алуу, энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн аныктоо жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында, ошондой эле керектөөчүлөрдүн чыгымдарын азайтуу үчүн энергетикалык иликтөө боюнча сертификацияланган адис тарабынан жүргүзүлөт. Энергетикалык иликтөө боюнча сертификацияланган адис Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик сертификациялоодон өтөт. Энергетикалык иликтөө милдеттүү болуп саналат. Энергияны тейлөө келишиминин (контракттын) максаттары, колдонуу чөйрөсү, сапатына мониторинг жүргүзүү, мезгилдүүлүгү жана аны бекитүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. (КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-10)
