# 8-статья. Отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл

- Документ: [Энергияны үнөмдөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/96)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-июлундагы № 88 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 07.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июня 2013 года № 96 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203904)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.06.2013 [Закон КР от 15 июня 2013 года № 96 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203904); 24.12.2008 [Закон КР от 24 декабря 2008 года № 269 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202485)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/96#diff=956633..956634>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-85/edition/956632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергияны үнөмдөө жөнүндө, 8-статья (10.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-8

---

Отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат. Мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн объектиси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, отунду жана энергияны алуу, кайра иштетүү, өзгөртүү, ташуу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу жагындагы бардык уюмдарды камтыган энергетикалык чарба болуп эсептелет. Энергиянын үнөмдөө жагында мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жана республикада отундун жана энергиянын, отун - энергетикалык ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышына контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган ыйгарым укуктарын аткарылышы үчүн керектүү шарттарды түзүшөт. (КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-9)
