# 5-статья. Энергияны натыйжалуу пайдалануу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Энергияны үнөмдөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/96)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-июлундагы № 88 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 07.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 декабря 2024 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019602)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.12.2024 [Закон Кыргызской Республики от 10 декабря 2024 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019602); 24.12.2008 [Закон КР от 24 декабря 2008 года № 269 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202485)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/96#diff=956638..23766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-85/edition/956632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергияны үнөмдөө жөнүндө, 5-статья (10.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-5

---

Энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясат: энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөрдүн, жабдып туруучулардын жана өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштыруунун негизинде, анын ичинде өндүрүшкө дем берүүнүн жана , энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуучу техникаларды жана технологияларды, энергетикалык ресурстарды чыгымдалышын эсептөөчү жана контролдоочу приборлорду колдонуунун жардамы менен юридикалык жана жеке жактардын энергия үнөмдөөгө кызыкдарлыгынын экономикалык жана укуктук шарттарын түзүү; энергияны үнөмдөөчү мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана энергиянын кайталанма булактарын, отундун альтернативалуу түрлөрүн жана энергетикалык калдык ресурстарды, ошондой эле отунэнергетикалык ресурстардын пайдалануу жүрүмүндө калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кыла турган мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды пайдалануу; отун-энергетикалык ресурстарды казып алуу, кайра иштетүү, ташуу, сактоо, өндүрүү жана пайдалануу менен байланышкан чарбалык, башкаруучулук жана башка кандай гана болбосун иштерди жүргүзүүдө энергияны үнөмдөө талаптарынын артыкчылыгы; энергияны үнөмдөө жагындагы иштин экономикалык, маалыматтык, билим берүүчү жана башка багыттарын ишке ашыруу; энергетикалык ресурстардын өндүрүлүшүн жана чыгымдалышын эсептөө боюнча ар кандай түрдөгү бирдиктүү программаларды түзүү жана пайдалануу; энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында натыйжалуу ведомстволор аралык коммуникация жана эл аралык кызматташтык; экологиялык талаптарды эске алуу менен үнөмдөө жана энергияны үнөмдөө маселелерин комплекстүү чечүүнүн энергияны үнөмдөөчү түзүмүн түзүү, энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды кеңири жайылтуу; энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик энергетикалык экспертизасын милдеттүү түрдө пайдалануу; башкаруунун экономикалык, ченемдик-техникалык усулдарын колдонуунун негизинде энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу; энергияны тейлөө уюмдарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана энергияны тейлөө келишимдерин киргизүү. (КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-6)
