28-1-статья. Билим берүү жана кадрларды даярдоо
Күчүндө · 10.12.2024 редакциясы · VII бөлүм
Орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү мекемелери, ошондой эле билим берүү ишмердигин жүзөгө ашыруу укугу бар кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо мекемелери энергия менен камсыздоо тармагындагы кызматкерлерди окутуу жана даярдоо боюнча программаларда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун негиздерин, анын ичинде энергиянын кайталанма булактарын жана отундун теңтайлаш түрлөрүн натыйжалуу пайдалануунун негиздерин алдын ала кароого тийиш. Энергетикалык иликтөө (анын ичинде имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча) боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 10.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/96/st-28-1" title="28-1-статья - Энергияны үнөмдөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>