# 23-статья. Энергияны үнөмдөөгө түрткү берүү

- Документ: [Энергияны үнөмдөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/96)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-июлундагы № 88 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 07.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 декабря 2024 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019602)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/96#diff=956638..23766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-85/edition/956632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергияны үнөмдөө жөнүндө, 23-статья (10.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-23

---

Энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга түрткү берүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

- долбоорду каржылоонун жалпы көлөмүндөгү максималдуу үлүшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган социалдык маанилүү долбоорлорго Энергияны үнөмдөө фондунан гранттарды жана жаңы энергетикалык техниканы берүү;

- энергетикалык ресурстарга бааларды, энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды киргизүүгө чыгымдарды, анын ичинде энергияны керектөөнү жогорулатуу боюнча мамлекеттик программалардын (долбоорлордун) алкагында курулуучу кайра жаралуучу булактарды пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорго капиталдык чыгымдарды эсепке алуу;

- кайтарымсыз каржылык, техникалык жана башка салымдар же энергияны үнөмдөө жаатындагы субъекттердин энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды ишке ашырууга катышуусу.

Энергетикалык ресурстар менен жабдууну жүзөгө ашыруучу уюмдар өздөрүнүн керектөөчүлөрүнө энергетикалык ресурстарды үнөмдөөнүн жана аларды пайдалануунун энергетикалык натыйжалуулугун бардык жеткиликтүү ыкмалар менен жогорулатуунун ыкмалары жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турууга милдеттүү. Көп батирлүү үйдү энергетикалык ресурстар менен жабдууну жүзөгө ашыруучу уюм жылына бир жолудан кем эмес көп батирлүү үй, көп батирлүү үйлөрдүн тобу үчүн көп батирлүү үйдөгү орун жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкү сыяктуу эле, ошондой эле көп батирлүү үйдөгү орун жайларга карата да иш-чаралардын тизмегин сунуш кылууга милдеттүү, иш-чараларды өткөрүү бул уюм тарабынан көп батирлүү үйгө берилүүчү энергетикалык ресурстарды энергияны үнөмдөөгө жана аларды пайдалануунун энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга олуттуу даражада өбөлгө түзөт. Бул иш-чаралардын тизмегинде төмөнкүдөй көрсөтмө камтылууга тийиш:

- бул тизмек даректелген адамдардын мындай иш-чараларды өткөрүүсүнүн милдеттүү эместиги;

- жалпыга жеткиликтүү булактарга таянуу менен алар тарабынан өткөрүлбөгөн иш-чаралардын бул тизмегинин мүмкүн болуучу аткаруучуларына.

(КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-24)
