# 21-статья. Энергия үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фондунун каражаттарын пайдалануунун багыттары

- Документ: [Энергияны үнөмдөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/96)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-июлундагы № 88 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 07.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-85/edition/956632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергияны үнөмдөө жөнүндө, 21-статья (10.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-21

---

Энергия үнөмдөө фондунун каражаттары: турак-жай имараттарында, өнөр жай ишканаларында жана транспорт секторунда энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергияны үнөмдөө максатында инвестициялоо;

- отунду жана энергияны алууда, чыгарууда жана ташууда энергиянын натыйжалуулугун жана энергия үнөмдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн инвестициялоо;

- энергиянын натыйжалуулугу боюнча изилдөөчүлүк иш;

- энергетикалык сектордо жаңы энергетикалык технологияларды же жаңы уюштуруучулук чечимдерин иликтөө жана текшерүү максатында көргөзмөлүү долбоорлорду уюштуруу;

- энергияны үнөмдөөнүн потенциалына анализ жүргүзүү жана аны пайдалануунун артыкчылыктуу тармактарын тандоо;

- тиешелүү долбоорлорго, биринчи кезекте отундун жана энергиянын чыгымдалышын эсепке алуучу, контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлорду жана техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү жагындагыларга колдоо көрсөтүү жолу менен отунду жана энергияны сарамжал пайдаланууну камсыз кылуу максатында илимий-техникалык жана өндүрүштүк базаны өнүктүрүү;

- энергияны үнөмдөөнүн ченемдик-техникалык базасын иштеп чыгуу;

- энергияны үнөмдөө, жаңы техниканы жана технологияны иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү жагында илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструкторлук иштерди каржылоого катышуу;

- энергияны үнөмдөө тармагында укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик жана укуктук актыларды иштеп чыгуу;

- энергияны үнөмдөө боюнча кароо-конкурстарды өткөрүү;

- тажрыйба алмашуулар боюнча семинарларды өткөрүү үчүн пайдаланылат.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-22)
