21-статья. Энергия үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фондунун каражаттарын пайдалануунун багыттары
Күчүндө · 10.12.2024 редакциясы · IV бөлүм
Энергия үнөмдөө фондунун каражаттары: турак-жай имараттарында, өнөр жай ишканаларында жана транспорт секторунда энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергияны үнөмдөө максатында инвестициялоо;
- отунду жана энергияны алууда, чыгарууда жана ташууда энергиянын натыйжалуулугун жана энергия үнөмдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн инвестициялоо;
- энергиянын натыйжалуулугу боюнча изилдөөчүлүк иш;
- энергетикалык сектордо жаңы энергетикалык технологияларды же жаңы уюштуруучулук чечимдерин иликтөө жана текшерүү максатында көргөзмөлүү долбоорлорду уюштуруу;
- энергияны үнөмдөөнүн потенциалына анализ жүргүзүү жана аны пайдалануунун артыкчылыктуу тармактарын тандоо;
- тиешелүү долбоорлорго, биринчи кезекте отундун жана энергиянын чыгымдалышын эсепке алуучу, контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлорду жана техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү жагындагыларга колдоо көрсөтүү жолу менен отунду жана энергияны сарамжал пайдаланууну камсыз кылуу максатында илимий-техникалык жана өндүрүштүк базаны өнүктүрүү;
- энергияны үнөмдөөнүн ченемдик-техникалык базасын иштеп чыгуу;
- энергияны үнөмдөө, жаңы техниканы жана технологияны иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү жагында илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструкторлук иштерди каржылоого катышуу;
- энергияны үнөмдөө тармагында укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик жана укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- энергияны үнөмдөө боюнча кароо-конкурстарды өткөрүү;
- тажрыйба алмашуулар боюнча семинарларды өткөрүү үчүн пайдаланылат.
Берененин тексти 10.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/96/st-21" title="21-статья - Энергияны үнөмдөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>