2-статья. Терминдердин аныктамалары
Күчүндө · 10.12.2024 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 декабря 2024 года № 201
2-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 2-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ушул Мыйзамда саналып өткөн терминдер төмөндөгүдөй маанилерге ээ: энергияны керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу - продукциянын сапатын жана чыгарылган санын төмөндөтпөстөн, продукциянын (товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигин сактоого, бул продукция үчүн зарыл болгон энергиянын санын кыскартууга багытталган иш; энергияны үнөмдөө - энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, энергияны өндүрүүдө, кайра түзүүдө, ташып барууда жана керектөөдө коромжулукту азайтууга багытталган жана чарбалык жүгүртүүгө энергиянын кайталанма булактары тартылган укуктук; уюштуруучулук, илимий, өндүрүштүк, техникалык жана экономикалык чараларды жүзөгө ашыруу; мамлекеттин энергияны үнөмдөө саясаты - энергияны үнөмдөө жагындагы ишти укуктук, уюштуруучулук жана финансылык-экономикалык жактан жөнгө салуу; энергетикалык ресурс - азыркы кезде пайдаланылып жаткан же келечекте пайдаланылышы мүмкүн болгон энергияны камтыган нерсе; (абзац КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) энергетикалык калдык ресурс - негизги өндүрүштүн көмөкчү продуктусу түрүндө алынуучу же ушундай продукт болуп эсептелүүчү энергетикалык ресурс; энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу - техника менен технологиялардын учурдагы өнүгүү деңгээлинде жана курчап турган чөйрөнү коргоого коюлуучу талаптарды сактоодо энергетикалык ресурстарды пайдалануунун кайтарымдуу натыйжалуулугуна жетишүү; энергиянын натыйжалуулугунун көрсөткүчү - ар кандай продукция үчүн мамлекеттик стандарттар, ар кандай ченемдик укуктук актылар, колдонулуучу жабдуулар үчүн технологиялык регламенттер жана паспорттук сын-сыпаттар тарабынан белгиленген энергетикалык ресурстарды керектөөнүн же жумшоонун абсолюттук же салыштырма чен-өлчөмү; энергетикалык ресурстардын өндүрүмсүз чыгымы - мамлекеттик стандарттар тарабынан белгиленген талаптарды сактабоо, ошондой эле башка ченемдик актыларда, колдонулган жабдуулар үчүн технологиялык регламенттерде паспорттук сын-сыпаттарда белгиленген талаптарды бузуу менен шартталган энергетикалык ресурстардын чыгымы; энергетикалык ресурстардын коромжулугу - энергетикалык ресурстардын жалпы жана алымдуу пайдаланылган санынын ортосундагы айырма; энергиянын кайталанма булактары - күндүн, шамалдын, суунун, жердин жылуулугунун, суу агымдарынын табигый кыймылынын энергиясы; отундун альтернативалуу түрлөрү - колдонулушу кыйла кымбат же таңсык энергетикалык ресурстарды керектөөнү алмаштыруучу отундун түрлөрү (кысылган жана суюлтулган газ, биогаз, генератордук газ, биомассаны кайра иштетүүдөн алынган продуктулар жана башкалар); энергияны үнөмдөөчү технологиялар, жабдуу жана материалдар - жетишкен деңгээлге салыштырмалуу отун-энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү технологиялар, жабдуу жана материалдар; энергияны үнөмдөө тармагындагы субъекттер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте энергетикалык ресурстарды, отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн пайдалануу боюнча натыйжалуулугун жана сарамжалдуугун жогорулатууга багытталган ишти жүзөгө ашыруучу, жана казып алуу, кайра иштетүү, ташып баруу, өндүрүү, сактоо менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар; энергетикалык иликтөө боюнча сертификацияланган адис - энергетикалык натыйжалуулук жана энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө мамлекеттик квалификациялык сертификат алган жеке адам; энергетикалык иликтөө (энергетикалык аудит) - энергетикалык ресурстарды пайдалануу, пайдаланылуучу энергетикалык ресурстардын көлөмү, энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө топтоо жана иштеп чыгуу, алынган натыйжаларды имараттын энергетикалык сертификатында, энергетикалык иликтөө жүргүзүү жөнүндө техникалык отчетто, энергетикалык ресурстарды керектөөгө чыгымдарды азайтуу жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамаларда чагылдыруу менен энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу; энергетикалык иликтөө жүргүзүү жөнүндө техникалык отчет - менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга жана уюмдарга жүргүзүлгөн энергетикалык иликтөөнүн натыйжалары боюнча сертификацияланган адис тарабынан түзүлгөн, энергетикалык ресурстарды өндүрүү, өткөрүп берүү, керектөө, объекттердин эсепке алуу приборлору менен жабдылышы, энергетикалык тутумдарда болгон жоготуулар жана энергия ресурстарын керектөөгө кеткен чыгымдарды азайтуу жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамалар жөнүндө маалыматты камтыган документ; баштапкы энергия - табигый жана (же) өндүрүштүк энергия алып жүрүүчүлөрдө камтылган энергия; энергияны тейлөө келишимдери (контракттар) - келишим (контракт, анын предмети керектөөчүнүн энергияны үнөмдөөгө жана энергетикалык ресурстарды пайдалануунун энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-аракеттерди аткаруучу тарабынан жүзөгө ашыруу болуп саналат; энергияны тейлөө уюму - келишим (контракт) боюнча иш-аракеттердин аткаруучусу болуп саналган, энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу чөйрөсүндө энергияны тейлөө келишиминин алкагында өзүнүн жана (же) тартылган каражаттардын эсебинен иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарган юридикалык жак; энергетикалык натыйжалуулук - продукцияга, технологиялык процесске, юридикалык жакка, жеке ишкерге карата мындай натыйжаны алуу максатында өндүрүлгөн энергетикалык ресурстардын чыгымдарына карата энергетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган пайдалуу натыйжанын катышын чагылдыруучу мүнөздөмөлөр; электр энергиясын керектөөчү түзүлүштүн энергетикалык натыйжалуулугунун классы - электр энергиясын керектөөчү түзүлүштүн энергияны керектөө үнөмдүүлүгүнүн деңгээли, бул пайдалануу баскычында анын энергиялык натыйжалуулугун мүнөздөп турат; ички дүң продуктунун энергетикалык сыйымдуулугу - ички дүң продуктунун бирдигине сарпталуучу баштапкы энергетикалык ресурстардын (көмүр, мунай, газ) жалпы көлөмү; энергиянын натыйжалуулугунун максаттуу көрсөткүчү - жетишилүүгө тийиш болгон энергетикалык ресурстарды керектөөнүн белгиленген салыштырмалуу деңгээли."; (КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 10.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 декабря 2024 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 декабря 2008 года № 269 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 10.12.2024 · № 201
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/96/st-2" title="2-статья - Энергияны үнөмдөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>