# 12-статья. Стандартташтыруу

- Документ: [Энергияны үнөмдөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/96)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-июлундагы № 88 "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 07.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 декабря 2024 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019602)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.12.2024 [Закон Кыргызской Республики от 10 декабря 2024 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об энергосбережении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019602); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 175 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203984)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/96#diff=956638..23766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-85/edition/956632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергияны үнөмдөө жөнүндө, 12-статья (10.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-12

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган жана энергияны керектөөчү продукция маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте анын энергиялык жактан натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү киргизилет. Энергетикалык ресурстарды алуу, чыгаруу, кайра иштетүү, ташуу, сактоо жана керектөө учурунда аларды натыйжалуу пайдалануунун көрсөткүчтөрү, ошондой эле энергиянын имараттарды жылытууга, желдетүүгө, ысык суу менен жабдууга жана жарык кылууга кеткен чыгымдарынын көрсөткүчтөрү, өндүрүш процесстеринде энергияны пайдалануунун дагы башка көрсөткүчтөрү белгиленген тартипте тиешелүү ченемдик-техникалык документтерге киргизилет. (Үчүнчү бөлүк КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175, 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/96/st-13)
