11-статья. Отундун жана энергиянын эсеби
Күчүндө · 10.12.2024 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 декабря 2024 года № 201
Казылып алынуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, ташылуучу, сакталуучу жана керектелүүчү энергетикалык ресурстардын бардык көлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык милдеттүү түрдө эсепке алынууга тийиш. Жаратылыш газы, жылуулук жана электр энергиясы менен жабдууну же аларды берүүнү жүзөгө ашыруучу жана пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлору менен жабдылууга тийиш болгон объекттердин инженердик-техникалык жабдууларынын курамына кирген тармактарга түздөн-түз кошулган, инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактары бар уюмдар аларды жабдууну же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлорун орнотуу, алмаштыруу, эксплуатациялоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга милдеттүү. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдар аларга кайрылган адамдар менен алар менен жабдууну же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлорун орнотуунун, алмаштыруунун жана (же) эксплуатациялоонун шарттарын жөнгө салуучу келишимдерди түзүүгө милдеттүү. Келишимдин баасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталат. Бардык жылуулук менен камсыздоо тутумдары, анын ичинде энергетикалык реновация жүргүзүлгөн жаңылары, милдеттүү түрдө аба ырайын автоматтык жөнгө салуу тутумдары жана долбоордук-сметалык документтерге ылайык жылытуу приборлорундагы жөнгө салуучу арматуралар менен жабдылат. Керектелген отун-энергетикалык ресурстар үчүн төлөө эсептери керектөөчүлөр үчүн анык маалыматтарды берүү менен, объекттерге орнотулган эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүнө негизделүүгө тийиш. Пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлорун керектөөчүлөрдү ушул ресурстар менен жабдууну жүзөгө ашыруучу уюмдарга орнотконго чейин эсептешүүлөрдү керектөөнүн колдонуудагы ченемдеринин негизинде жүргүзүүгө жол берилет. Керектелүүчү энергетикалык ресурстарды эсепке алуу жана энергияны үнөмдөө жана парник газдарынын чыгарылышын кыскартуунун потенциалын аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген актыларга ылайык жүзөгө ашырылат. Энергетикалык ресурстарды өндүрүү жана керектөө жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт. Энергетикалык ресурстарды керектөөнүн чоңдугуна жана түзүмүнө жана алардын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүнү энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статистика боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уюштурат жана жүргүзөт. (КР 2024-жылдын 10-декабрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 23.12.2024
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/96/st-11" title="11-статья - Энергияны үнөмдөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>