# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 528
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16858/edition/1160048/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95510.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95510

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майы № 266 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-августу № 528 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Күн-Чубак" жана "Витязь" мамлекеттик ишканалардын иш-аракетин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. "Витязь" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагында иштээри аныкталсын."; 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Витязь" мамлекеттик ишканасынын уставында:

Уставдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасынын уставы"; төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын: "4-1. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) карамагында иштейт."; 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Ишкананын толук аталышы: мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы; расмий тилде: Государственное предприятие "Витязь" при Фонде по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики."; 13-пунктта: тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык кызматтарды көрсөтүүгө;"; онунчу абзац күчүн жоготту деп табылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: "16-1. Фонд ишкананын иш аракетине жалпы жетекчиликти жана координацияны ишке ашырат."; 17-пунктта түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Фонддун директору" деген сөздөргө алмаштырылсын; 18-пункттун сегизинчи абзацында жана 21-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр "Фонд" деген сөзгө алмаштырылсын; 24-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жылдык финансылык-чарбалык иш аракетинин жыйынтыктары боюнча ишкананын накта пайдасынын 50-пайызынан кем эмеси айдан кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен Фонддун эсептик эсебине которулууга тийиш.".

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:

- бекитилген тартипте "Күн-Чубак" жана "Витязь" мамлекеттик ишканаларын юстиция органдарында кайрадан мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;

- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
