Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдарды аныктоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-августу № 526 Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдарды аныктоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине жана Санкт-Петербургда 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санкт-Петербургда 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуудан келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу болуп төмөнкү ыйгарым укуктуу (компетенттүү) мамлекеттик органдар аныкталсын: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансылык полиция).
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетинин дарегине Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдардын бекитилгени жөнүндө билдирүү жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-июнундагы № 317 "Интеллектуалдык менчик тармагында укук бузууга жол бербөө боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 3 июня 2000 года №317 "Об утверждении Соглашения о сотрудничестве по пресечению правонарушений в области интеллектуальной собственности"Постановление · 03.06.2000 · № 317 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 3 июня 2000 года №317 "Об утверждении Соглашения о сотрудничестве по пресечению правонарушений в области интеллектуальной собственности"Постановление · 03.06.2000 · № 317 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон