# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 525
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95507>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16855/edition/405218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95507.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95507

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-августу № 525 Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасындагы камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө" жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары эки айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ишин ушул токтом менен бекитилген Жобонун талаптарына ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
